Өмүркул Караевдин изилдөөлөрүндө кыргыздардын этностук тарыхынын чагылдырылышы

Tez KünyeDurumu
Өмүркул Караевдин изилдөөлөрүндө кыргыздардын этностук тарыхынын чагылдырылышы / Ömürkul Karayev’in Araştırmalarında Kırgızların Etnik Tarihinin Ele Alınışı
Yazar:SALİYA KURMANOVA
Danışman: PROF. DR. OLCOBAY KARATAEV
Yer Bilgisi: Kırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesi / Sosyal Bilimler Enstitüsü / Tarih Ana Bilim Dalı
Konu:Tarih = History
Dizin:
Onaylandı
Yüksek Lisans
Kırgızca
2015
126 s.
Тарых илиминин доктору, профессор Өмүркул Караев XX кылымдын көрүнүктүү тарых илим адамдарынын бири. Өзгөчө анын чыгыш булактарынын изилдөөлөрү аркылуу жазылган эмгектери өтө баалуу. Эмгектеринде кыргыздардын этностук тарыхын жеке көз карашы менен анализдеп, жаңы пикирлерин илим чөйрөсүнө ачыктап, ал пикирлерин көптөгөн фактылар менен тастыктаганга аракет кылган. Өмүркул Караевдин тарых илимине кошкон салымы үчүн аны илим чөйрөсүндө эң көрүнүктүү окумуштуу жана алгачкы чыгыш таанучу, Борбордук Азия жана Кыргызстан тарыхы боюнча эң мыкты орто кылымдын адиси деп таанылган. “Өмүркул Караевдин изилдөөлөрүндө кыргыздардын этностук тарыхынын чагылдырылышы” деген темада жазылган диссертация, киришүү, эки бөлүмдөн, корутунду, колдонулган адабият, тиркемеден турат. Киришүү бөлүгүндө аталган эмгектин актуалдуулугу, максаты, изилдениш деңгээли, мезгили жана географиялык чектери жазылган. Ошондой эле, Ө.Караевдин өмүр баяны чагылдырылган. Өмүркул Караев 5 1930 – жылы 15 – октябрьда төрөлгөн. Бала чагы II. Дүйнөлүк согушка туура келген. Согушта атасынан айрылып калгандыгы үчүн энеси экөө согуш жылдарындагы кыйын күндөрдү башынан өткөрүшөт. Бирок, согуштун кыйын заманына карабастан Өмүркул Караев билимин улантып, өзүнүн Сайлык айылында жети жылдык мектепти бүтүрүп, 10-классты Фрунзе шаарындагы кыргыз мектебин аяктаган. 1948-жылы Кыргыз Мамлекеттик Университеттин тарых бөлүмүн бүтүрүп, билимин улантуу үчүн Москва шаарындагы СССРдин Илимдер Академиясынын Чыгыш таануу институнун аспирантура бөлүмүнө тапшырат. Ал 1964 – жылы “Араб жана перс булактары боюнча ΙX – XΙΙ кылымдарда кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхы” (Арабские и персидские источники IX-XII вв. о киргизах и Киргизии) деген темада кандидаттык диссертациясын коргойт. Төмөндөгү эмгектин биринчи бөлүмү “Проф. Өмүркул Караевдин изилдөөлөрүндөгү орто кылымдагы кыргыздардын этностук тарыхы жана миграциясы” деп аталып, эки параграфка бөлүнгөн. Биринчи параграф “Изилдөөчүнүн кыргыздардын этногенези боюнча көз караштары” деген темада жазылган. Бул бөлүгүндө Ө.Караевдин кыргыздардын этногенези боюнча көз караштары чагылдырылган. Ал арап-перс булактарынын изилдөөсүнүн натыйжасында, кыргыздар Чыгыш жана Борбордук Тянь – Шань аймагында этнос катары ΙX – XVΙ кылымдарда калыптанган деген пикирге келген. Анын көз карашын колдогон жана каршы пикирде айткан да окумуштуулар бар эле. Бирок, кыргыздардын этногенези боюнча бүгүнкү күндө дагы окумуштуулар бир бүтүмгө келе элек. Биринчи бөлүмдүн экинчи параграфы “Орто кылымдардагы бүгүнкү Кыргызстан жана ага чектеш аймактарында кыргыздардын жайгашуусу” деген темада жазылган. Ө.Караевдин изилдөөлөрү боюнча орто кылымдарда бүгүнкү Кыргызстан жана ага чектеш аймактарына ΙX кылымдан баштап енисейлик кыргыздар көчүп келе баштаган. Ал мындай көз карашын Чыгыш авторлорунун эмгектериндеги маалыматтар менен далилдеген. Диссертациянын экинчи бөлүмү Өмүркул Караевдин илимий жана башка эмгектери туралуу жазылган. Биринчи параграфында илимий 6 монографиялары жана көлөмдүү макалалары жөнүндө баяндалат. Мисалы, кандидаттык диссертациядагы маалыматтардын негизинде 1968 – жылы алгачкы монографиясы жарыкка чыгат. (Арабские и персидские источники IX-XII вв. о киргизах и Киргизии. Фрунзе, “Илим”, 1968.) Бул монографиясы илимий коомчулукта жакшы кабыл алынып, Ардак грамотага да татыйт. Алгачкы монографиясында араб – перс авторлорунун эмгектерине толук анализ жүргүзгөн. Өзгөчө ибн Хордадбек, ибн ал – Факих, Кудама ибн Жафар, ал – Истахри, ибн Хаукал, ал – Мукаддаси, Абу Дулаф, Махмуд Кашкари, ал – Марвази, ал –Идриси, Абу Саид Гардизи жана “Худуд ал – алам” чыгармасын да анализдеген. Жыйынтыгында Ө. Караев кыргыздар тууралуу көптөгөн маалыматтарды илим дүйнөсүнө жарыялаган. Автор кыргыздардын орто кылымда жайгашкандыгы, чарбачылы, башка уруулар менен байланышы тууралуу жаңы маалыматтарды берген. 1970 – жылдардан кийин Ө.Караев Карахан мамлекети тууралуу изилдөөлөрүн баштайт. Ал Карахандардын тарыхы боюнча маалыматтарды чогултуп, тарыхый булактарга анализ берип 1983 – жылы “Карахан мамлекетинин тарыхы X кылымдын башы – XΙΙΙ кк.” (История Караханидского каганата X – начало XΙΙΙ вв.) деген монографиясын жазган. Бул монография Карахан мамлекети тууралуу алгачкы көлөмдүү эмгек болгон. Ушул монографиясынын негизинде 1984 – жылы Өзбек ССРинин Илимдер академиясынын Абу Райхан Беруни атындагы чыгыш таануу институтунда доктордук диссертациясын коргогон. Бул монографиясы да тарых илиминдеги көптөгөн маселелерди чечмеледи. Ө.Караевдин кийинки монографиясы 1994 – жылдары жарыяланган “Чагатайский улус. Государство Хайду. Могулистан” деп аталган. Бул эмгеги да Кыргызстан аймагындагы орто кылым мамлекеттеринин тарыхына байланыштуу болгон. Бирок бул мамлекеттер монгол дооруна таандык эле. Автор бул монографиясынын маалымат булагы катары жергиликтүү орто кылымдагы чыгыш авторлорунун эмгектерин колдонгон. Монгол жана Тимур доорундагы таарыхнаамачылар бардык тарыхый окуяларды чагылдырып бергенге аракеттенишкен. Бул мезгилде Борбордук Азияда жаңы мамлекеттер менен түрк – монгол элдер бири-бирине сиңип, 7 жаңы этностор жаралган. Чагатай мамлекети көчмөн монголдор тарабынан негизделген. Экинчи бөлүмдүн экинчи параграфы Өмүркул Караевдин газета – журналдарда жарыяланган илимий жана илимий – популярдуу макалалардын кыскача мазмундары берилген. Өзгөчө “Кыргыз ССРинин Илимдер Академиясынын Кабарлары” журналына, “Ала – Тоо” журналына жана “Мугалимдер Газетасы” жарыяланган эмгектери тууралуу жазылган. Анткени, профессор аталган маалымат каражатарынын туруктуу жазуучусу болгон. Тиркемелер бөлүгүндө Өмүркул Караевдин эмгектеринин библиографиясы, шакирттеринин эскерип жазган макалалары жана үй-бүлөө архивиндеги фото – сүрөттөрү камтылган. Өмүркул Караев өмүр бою илимдер академиясында иштеген. Алгач ал Кыргызстандын байыркы жана орто кылым тарыхы бөлүмүндө, 80 – жылдардан баштап Илимдер Академиясынын “кол жазма жана жарыялоо” бөлүмүнүн башчысы болгон. Бирок бул бөлүм 90 – жылдары кыскартылып, Өмүркул Караев “Кыргызстандын байыркы мезгилинен XΙX кылымдын аягына чейинки тарых” бөлүмүнүн башчысы болуп өмүрүнүн акырына чейин эмгектенген. Илимге эмгек кылган инсан аз айлык алган. Бул айлык үй – бүлөсүнүн чыгашасын толук кандуу жетпесе керек. Бирок айлыктын аздыгына карабай, жеңил акчанын аркасынан кубалабай, күнү – түнү талыкпай иштеп, илимге чоң кызмат кылган. Улуу залкар инсан 2003 – жылы көз жумган. Көрүнүктүү тарыхчы тарыхтын көптөгөн маселесин чечмелөөсү менен бирге келечекте илимге кызмат кыла турган болочок тарыхчыларды да тарбиялаган. Ошол тарыхчылар бүгүнкү күндө тарых илимине өз салымдарын кошуп, устатынын жолун жолдоп, ишин улантууда. Ошол себептен залкар инсан Өмүркул Караевдин аты унутулбай эмгектери аркылуу жашап келет жана жашай берет. Ачкыч сөздөр: Өмүркул Караев, орто кылым, Борбордук Азия.
Prof. Dr. Ömürkul Karayev, XX. yüzyılın ünlü tarihçilerinden biridir. Özellikle onun doğu kaynaklarını inceyelerek yazmış olduğu eserler çok önemlidir. Eserlerinde Kırgızların etnik tarihini kendi bakış açısıyla değerlendirip yeni fikirler ortaya koymuş, onları bir çok kaynak ve verilerle kanıtlamaya çalışmıştır. Ömürkul Karayev tarih ilmine yapmış olduğu katkılardan dolayı Kırgızistan ilim dünyasındaki ilk Doğubilimcilerden olmuştur. Ortaçağ Orta Asya tarihi ve ortaçağ Kırgızistan tarihi uzmanı olarak tanınmıştır. “Ömürkul Karaev’in Araştırmalarında Kırgızların Etnik Tarihinin Ele Alınışı” adlı bu tez, giriş, iki bölüm, sonuç, ekler ve kaynaklardan oluşmaktadır. Giriş bölümünde tezin güncelliği, amacı, araştırılma derecesi, zaman ve bölgesel sınırları belirtilmiştir. Bundan sonra Ömürkul Karayev’in özgeçmişi hakkında bilgiler verilmiştir. 15 Ekim 1930 doğumlu Prof. Dr. Ömürkul Karayev’in çocukluk yılları II. Dünya Savaşı’na denk gelmiştir. Savaşta babasını kaybetiği için annesiyle birlikte hayli zorluk çekmiştir. Fakat bu zorluklara boyun eğmeden eğitim hayatını devam ettirmiştir. Köyü Saylık’ta yedinci sınıfa kadar okumuş ve daha sonra 9 Frunze’deki Kırgız mektebinde ilköğretimini tamamlamıştır. 1948 yılında Kırgız Devlet Üniversitesi Tarih bölümünden mezun olduktan sonra Moskova’daki SSCB Bilimler Akademisi’nde Doğu Bilimleri Enstitüsü’nde lisansüstü çalışmasına başlamıştır. 1964 yılında “Arap ve Fars Kaynaklarına Göre IX-XII. Asırda Kırgızların ve Kırgızistan’ın Tarihi’ (Арабские и персидские источники IX-XII вв. о киргизах и Киргизии) adlı teziyle kandidatlığını (doktorasını) tamamlamıştır. Tezin birinci bölümü “Ömürkul Karayev’in Araştırmalarında Ortaçağ Kırgızlarının Etnik Tarihi ve Göçleri” adı altında iki alt bölüme ayrılmıştır. İlk kısım “Araştırmacının Kırgızların Etnogenezi Hakkındaki Görüşleri” şeklinde adlandırılmıştır. Bu paragrafta Ömürkul Karayev’in Kırgızların etnogenezi hakkındaki görüşleri ve fikirleri yansıtılmıştır. O, Arap ve Fars kaynaklarının araştırılması neticesinde Kırgızların, Doğu ve Orta Tiyan-Şan bölgesinde bir etnik yapı olarak ΙX-XVΙ. yüzyıllarda şekillendiği şeklinde bir tez ortaya koymuştur. Günümüze kadar Kırgızların etnogenezi hakkında kabul edilmiş ortak bir fikir yoktur. Birinci bölümün ikinci kısım “Ortaçağda Bügünkü Kırgızistan ve Komşu Bölgelerdeki Kırgızların Yerleşim Bölgeleri” şeklinde adlandırılmıştır. Ömürkul Karayev’e göre Kırgızlar, Kırgızistan’a ve bu bölgeye ΙX. yüzyıldan itibaren Yenisey bölgesiden göç etmeye başlamışlardır. Bu fikrini Doğulu yazarların eserlerindeki bilgilerle desteklemeye çalışmıştır. Tezin ikinci bölümünde Ömürkul Karayev’in ilmi eserleri ve diğer çalışmaları ele alınmıştır. İkinci bölümün birinci alt başığında Ömürkul Karayev’in ilmî monografileri ve makaleleri hakkında bilgi verilmiştir. Doktara tezi zamanında topladığı kaynaklardan faydalanarak 1968 yılında ilk monografisini yayınlamıştır (Арабские и персидские источники IX-XII вв. о киргизах и Киргизии. Фрунзе, “Илим”, 1968.). Bu monografisi ilim aleminde çok memnuniyet verici bir şekilde karşılık bulmuş ve takdire şayan görülmüştür. İlk monografisinde Arap ve Fars yazarların eserlerinin analizini yapmıştır. Özellikle İbn Hurdadbek, İbnul Fakih, Kudama İbn Cafar, İstahri, İbn Havkal, Mukaddisi, Abu Dulaf, Mahmud Kaşkari, Marfazi, İdrisi, Ebu Said Gerdizi gibi müelliflerin eserlerini ve Hududu’l-Alam’ın etraflı bir şekilde analizini yapmıştır. Ayrıca Ömürkul Karayev Kırgızlar hakkında 10 bir çok bilgiyi ilim dünyasına ilan etmiş. Yazar Kırgızların ortacağdaki yerleşmesini, yaşam tarzlarını, başka soylarla ilişkileri üzerine yeni bilgiler sunmuştur. 1970 yılında itibaren Karahanlılar Devleti tarihi üzerine araştırmalara başlayan bilgin, Karahanlılar tarihi hakkındaki bilgileri analiz ettikten sonra 1983 yılında”‘Karahanlı Devleti’nin Tarihi (Х. Yüzyıl – XIII. Yüzyılın Başı)’ (История караханидского каганата (Х-нач. XIII вв.). Фрунзе, Илим, 1983.) adlı monografiyi yayımlamıştır. Bu monografi Karahanlılar devleti tarihi hakkında yazılmış olan ilk büyük eser olmuştur. 1984 yılı Özbek SSC Bilimler Akademisi Ebu Rayhan Beruni adlı Doğu Bilimler Enstitüsü’nden doktara unvanını almıştır. Bu monografisi bu alandaki bir çok meselelenin çözümüne yardımcı olmuştur. Ömürkul Karayev’in bir diğer önemli monografisi 1994 yılında yayımlanmış olan Çağatay Ulusu, Haydu ve Moğolistan Devleti (Чагатайский улус, государство Хайду и Могулистан. Бишкек, Кыргызстан, 1994) adlı eseridir. Bu eser Kırgızistan bölgesindeki ortaçag devletlerinin tarihinine hasredilmiştir. Yazar monografisinin yazımında ortaçağdaki yerli yazarların eserlerini kullanmıştır. Bu devirde Türkistan’daki yeni devletlerin bünyesindeki Türk ve Moğol boyları birbirleriyle karışıp, yeni etnik oluşumlar ortaya çıkmıştır. İkinci bölümün ikinci alt başlığında Ömürkul Karayev’in dergilerde, gazetelerde yayınlanmış makaleleri hakkında bilgiler verilmiştir. Özellikle Kırgız SSCB Bilimler Akademisi Haberleri, Ala-Too ve Öğretmenler Gazetesi gibi değişik yayım organlarındaki makaleleri hakkında değerlendirmeler yapılmıştır. Ömürkul Karayev adı geçen gazete ve dergilerde uzun zaman yazar olarak görev yapmıştır. Tezin Ekler bölümünde Ömürkul Karayev’in eserlerinin bibliyografyası ve onun yetiştirdiği talebeleri hakkında bilgiler verilmiştir. Sonuç ve Kaynaklar ile tez çalışması sona ermektedir. Ömürkul Karayev hayatı boyunca Bilimler Akademisi’nde çalışmıştır. Kırgızistan’ın eski ve ortaçağ tarihi bölümünde işe başlamıştır. 1980 yılından itibaren Bilimler Akademisi’nde El Yazmaları ve Yayım Bölümü’nde bölüm başkanlığı yapmış. 1990’lı yıllarda bu bölümden Kırgızistan’ın Antik Devrinden XΙX. Yüzyılın Sonuna Kadarki Tarihi Bölümü’nde bölüm başkanı olarak hayatının sonuna kadar 11 çalışmıştır. Aylığının çok cüzi olmasına bakmadan gece gündüz yorulmadan çalışarak, ilme hizmet etmiştir. Ömürkul Karayev, 2003 yılında vefat etmiştir. O, tarihi meselelerin çözüme kavuşması doğrultusunda elinden geleni yapmış, bir çok tarihçinin de yetişmesine yardımcı olmuştur. Onun ismi eserleriyle daima yaşayacaktır. Anahtar kelimeler: Ömürkul Karaev, Ortaçağı, Orta Asya.

Download: Click here